Жогорку Кеңештеги "Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Марлен Маматалиевдин Бишкек шаарынын мэрлигине талапкерлиги көрсөтүлөт деген сөздөр айтылууда.
Маматалиев SUPER.KG порталына билдиргендей, мындай маселе каралган эмес.
"2015-жылы парламенттик шайлоодо биздин партиядан Бишкек шаарынан бардык талапкерлеринин ичинен биринчи орунду алгам. Шаардык кеңеш, Жогорку Кеңеш же президенттик шайлоо болобу ар дайым командам менен Бишкекте биринчи орунду алып келебиз. Ошого байланыштуу менин талапкерлигим мэрлик кызматка көрсөтүлүшү мүмкүн деген маалыматты божомол катары кабыл алдым. Менин талапкерлигим тууралуу маселе каралган эмес. Бул тууралуу өзүм дагы маалымат каражаттарынан окуп жатам", - дейт Маматалиев.
Буга чейин SUPER.KG порталы айрым булактарга таянып, мэрликке талапкерлиги көрсөтүлүшү мүмкүн болгон адамдарды тизмектеп чыккан.
1) Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынан депутат - Иса Өмүркулов. Ал 2010-жылдын апрелинен 2011-жылдын февралына чейин Бишкек шаарынын мэринин убактылуу милдетин аткаруучу, ал эми 2011-жылдын февралынан 2013-жылдын 5-декабрына чейин Бишкек шаарынын мэри болгон. 2015-жылдын 4-октябрында КСДПнын тизмеси боюнча VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган.
2) Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы - Алмаз Кененбаев. Ал 2012-жылдан тарта шаардык кеңештин акыркы 2 чакырылышынын депутаты. 2017-жылдын декабрь айында аталган кеңештин төрагасы болуп шайланган.
3) Экс-депутат - Нариман Түлеев. 2008-2010-жылдары Бишкектин мэри кызматын аркалаган. 2010-2013-жылдары Жогорку Кеңештин "Ата Журт" фракциясынан депутат болгон. 2012-жылы Түлеев "мэр болуп турганда Кытайдан автобустарды алып келүү иштеринде мамлекетке ири көлөмдө зыян келтирген" деп айыпталып камакка алынган. 2013-жылы 29-июлда Бишкек шаарынын Ленин райондук соту Түлеевди мүлкүн конфискациялоо менен 11 жылга эркинен ажыраткан. 2014-жылдын 23-декабрында шаардык сот, 2015-жылдын 30-ноябрында Жогорку Сот ал чечимди күчүндө калтырган. Бирок соттолгонуна 2 жыл 10 ай гана болгонуна карабастан, Нариман Түлеев 2015-жылы 7-май күнү кечинде күтүүсүз жерден абактан бошотулган. Анын иши эки ирет мунапыска дал келип, Түлеев сот тарабынан коюлган айыпты (келтирилген чыгымды) толугу менен төлөгөн соң эркиндикке чыккан.
4) Саясатчы - Темир Сариев. Ал 2015-2016-жылдары Кыргыз Республикасынын премьер-министри болгон. 2017-жылы президенттик шайлоого катышып, 43,3 миң добуш (2,55 пайыз) топтоп 4-орунду ээлеген. Учурда мамлекеттик кызматта иштебейт.
5) Бишкек шаардык кеңешинин экс-депутаты - Жамалбек Ырсалиев.
6) Азиз Суракматов 2010-2015-жылдары Жогорку Кеңештин депутаты болгон.
7) Аргынбек Малабаев 2015-жылы транспорт жана коммуникация министри болуп иштеген.