Мамлекеттик сыйлыкка 352 искусство өкүлдөрү көрсөтүлүп, алардын 101и өттү

Мамлекеттик сыйлыктарды ыйгаруу боюнча коллегиянын жыйынтыгы чыкты. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

"Мындан бир нече күн мурун, 14-июлда Султан Жумагулов башында турган Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин коллегиясы өтүп, анда сыйлыкка көрсөтүлгөн 352 искусство адамдарынын документи каралган. Жыйынтыгында 101 документ коллегиядан өтүп, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик сыйлыктар боюнча катчылыгына жиберилди. Көрсөтүлгөн сыйлык ээлери кийинки тепкичте колдоо алса, 31-август - Кыргыз өлкөсүнүн Эгемендүүлүк күнүндө Кыргыз Республикасынын ардактуу наамдарын жана Ардак грамотасын ыйгаруу аземи болот", - дейт маалымат кызматы.

Белгилей кетсек, сыйлыкка көрсөтүлүп, бирок жабык добуш берүүнүн натыйжасында жетиштүү добуш ала албай калгандардын арасында композитор Муратбек Бегалиев дагы бар. Ал Кыргыз Эл баатыры наамына көрсөтүлүп, коллегиянын колдоосуна ээ болбой калган. Мындан улам Муратбек Бегалиев сыйлыкты албай калышына министр Султан Жумагуловду күнөөлөгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Tyty1990
2018-07-19 17:14:17
Самарага эл артистин берип салбагыла. Абдылдага бергиле наамды
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан