Европалык комиссия Google корпорациясына 4 миллиард 300 миң евро айып салды

Европалык комиссия Google корпорациясына ал Android системине байланыштуу антимонополдук мыйзамдарды бузганы үчүн 4 миллиард 300 миң евро айып пул салуу тууралуу чечимди кабыл алды.

Маалыматка ылайык, айып пул салууга Google корпорациясынын Android системиндеги онлайн-издөөнү өз пайдасы үчүн колдонгону себеп болгон. Азыркы тапта аталган операциондук системи көпчүлүк европалык смартфондордо орнотулган.

Ошондой эле комиссиянын билдирүүсүнө ылайык, компаниянын дүйнө жүзүндөгү эң ири телефон өндүрүүчүлөр менен болгон келишимдери колдонуучулардын издөө системин тандаганга бөгөт коюп, атаандаштыкты жокко чыгарган.

Google компаниясы Android атаандаштык тууралуу мыйзамды бузуп жатат деген пикир менен макул эмес. Алардын айтымында, бардык компаниялар ачык кодду программалык камсыздоону колдоно алат, бирок компаниялар аларды тандоодо.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан