ЖЫЛНААМА, 20-ИЮЛЬ: Мындан 4 жыл мурун кыргыз элине "Шорпо" каймана аты менен таанымал ырчы, куудул, пародист Жаныбек Алыкулов оорудан улам каза болгон

Мындан 4 жыл мурун, 2014-жылы 20-июлда кыргыз элине "Шорпо" каймана аты менен таанымал куудул, пародист жана ырчы Жаныбек Алыкулов 54 жаш курагында оорудан улам дүйнө салган. Ал кант диабети менен жабыркап, каза болоруна 3 күн калганда комага түшүп ошол бойдон эсине келген эмес. Анын сөөгү 21-июлда Бишкектеги Ала-Тоо жаңы конушунда жерге берилген. Куудулдун артында жубайы менен 4 кызы жана 2 уулу калган.
Жаныбек Алыкулов Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунун Жаңы-Жол айылында 1960-жылы туулган. 1981-жылдан тарта чыгармачылыкка аралаша баштаган, бирок өмүрүнүн соңуна чейин бир да мамлекеттик наамга ээ болгон эмес.
Куудулдун көзү тирүү кезинде "Супер-Инфо" гезитине берген маегинен үзүндүлөр:

  • "1990-жылдарда элдин жашоо-тиричилиги төмөндөп баштабады беле. Ал мезгилде элде акча жок эле. Ошол жылдан баштап биз картошка, көмүр, жумуртка, күрүч, буудайга концерт коюп жүрдүк. «Өнөрлүү өлбөйт» деген ошол болсо керек, алган азыктарды өз ара бөлүшүп же тамак жасап жейт элек. Айрым айылдарга гастролго барганда, бизди клубу жок уй сарайларга алып барышат эле. Сарайда туруп алып ырдап жатсаң бирөөсү тезек менен урат, көрбөй каласың да жалтанып коюп же буйтап ырдай бересиң. Сарайларда кенелер көп, тырманып коюп уланта берчүбүз. Ал кез өзүнчө кызык эле.
    Бирөөлөр мейманга чакырат. Барбай койсоң мылтыкты кезеп үйүнө алып барат. «Атайын чакырсам келбейсиң» деп жаман көрүшөт. Эт салып койгон болсо эти таңкы саат 5-6да бышат. Үргүлөп, көзүң илинип баратканыңа карабай ырдап отурушуң керек.
  • Антпесең сыйлабагандык болуп калат. Ичимдик ал кезде тартыш болчу. Ар кандайын алып келишчү, ичпесең капа болушар эле. Ичип алып башың ооруйт, бара-бара кызыгына кирип кетесиң. "Артисттердин бир көргөнүн хан көрбөйт, бир көргөнүн ит көрбөйт" деп коюшат. Кээде машина бузулуп, орто жолдо ачка калчубуз. "Шорпо" деген ырым ошондой учурда чыккан. Нарындан концерт коюп келе жатып, Бишкек менен бир айылдын ортосунда машинабыз бузулуп калды. «Чыгармачыл киши ачка болсо таланты козголот» демекчи, ушул ыр ошондо жаралды. Бул ыр менен бир жолу сахнага чыгып, ошол боюнча эл арасында "Шорпо" аталып кеттим. Башында бул атты укканда көнө албай жүрдүм. Кийин эле көнүп калып, азыр "Шорпо" дешпесе капа болом".
  • "Мен көбүнчө 8-мартта кыйналып калчумун. 23-февраль эрте келет эмеспи. Бир жолу студент кезде Токтогулда иштеп жүргөндө 30 сакал алгыч белекке алдым. Ал кезде электр сакал алгыч мода эле. Менин айлыгым болгону 80 сом, сакал алгыч жок дегенде 30 сом турат. Элестетип көр эми, менин акчама көп болсо экөө келет. Ошол кезде бетти табактай кылып Ошко качып кеттим (күлүп). Бойдокчулуктун доорун сүрдүм дегенден алысмын. Бирди жакшы көрдүмбү, ошону менен токтойм. Кыялым ошондой. Орустар айтмакчы, "однолюбмун".

Куудул жубайы менен"Эгер мен арак ичип келсем үйдөгүлөргө чоң трагедия. Мен жыргап калам, калгандарынын баарынын кабагына кар жаайт, колдорунан пиаласы түшөт, окуулары начарлайт. Ал эми башка күндөрү ынтымактуубуз".

20-июлдун жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан