Футбол боюнча Хорватия улуттук курама командасы Дүйнөлүк чемпионатта тапкан каражатты жардамга муктаж балдарга берет

Футбол боюнча Хорватия улуттук курама командасынын оюнчулары Дүйнөлүк чемпионатта тапкан каражатын толугу менен жардамга муктаж балдардын фондуна өткөрүп берет. Мындай маалыматты чет элдик басылмалар команданын башкы машыктыруучусу Златко Даличтин социалдык тармактагы жеке баракчасына калтырган билдирүүсүнө таянып жазып чыккан.

"Хорватия курама командасынын оюнчулары ар дайым хорват эли менен бирге. Биз жардамга муктаж адамдарга көмөктөшүү үчүн баарын жасайбыз. Дүйнөлүк чемпионатта тапкан каражаттын бардыгы балдардын эс алуусуна жумшалат. Тагыраагы, бардык хорват балдары деңиз жээгине барып, эң аз дегенде 7 күн эс алып келүүгө мүмкүнчүлүк алат", - деп жазган Златко Далич.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
ETAAA_18
2018-07-19 18:51:14
Азаматсынар!!!
+6
Meni_unut
2018-07-19 19:54:48
Хорваттар адамгерчиликтуу калк экен.я
+7
Aigerim.baxa
2018-07-19 21:06:37
Эн соонун идеа экен жакшылыкка себепчи болушуптур
+1
ruslanz
2018-07-19 21:07:41
Элдер Францияны колдоп жатканда,мен Хорватияны колдогом,туура эле кылыптырмын.
+6
haydarkan
2018-07-20 00:01:04
ruslanz, Мбапе деле кайрымдуулука жумайт экен деешип жаты элегоо. Эмнеси болсо да азаматтар экен
+2
monster_high_98
2018-07-20 15:53:46
ruslanz, Франция элге жарыялабай эле кайрымдуулук кылат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан