Сооронбай Жээнбеков укук коргоочуга президенттик аппараттын бөлүм башчысы болуп иштеп берүүнү сунуштады

Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков жарандык коомдун өкүлдөрү менен болгон жолугушууда укук коргоочу Рита Карасартовага президенттик аппараттын бөлүм башчысы болуп иштеп берүүнү сунуштады.

Рита Карасартова өлкө башчыга Акыйкатчы кызматына өтпөй калса, сунушталган бөлүмдү жетектеп бере турганын айтканын SUPER.KG'ге билдирди.

"Мен буга чейин социалдык түйүндөрдөгү өздүк баракчам аркылуу президенттик аппаратты жетектеп берейин деп кайрылгам. Мамлекет башчы бүгүнкү жарандык коомдун өкүлдөрү менен болгон жолугушууда менин сунушума жооп берди. Ал "аппарат жетекчиси болуу үчүн бир нече баскычтарды басып өтүү керек, эгер ошол баскычтарды басып өткөн болсоңуз сиз суранган кызматка алат элем. Бирок сиз ал баскычтарды басып өтпөгөндүгүңүзгө байланыштуу мен сизге бөлүм башчы болуп иштөөнү сунуш кылам" деди. Мен "акыйкатчы болууга аракет кылып көрөйүн, ал жактан болбой калса, бөлүм башчы кызматына барайын" деп жооп бердим", - деди Рита Карасартова.

Айта кетсек, бүгүн, 19-июлда президент Сооронбай Жээнбеков жарандык активисттер менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушууга өкмөттүк эмес 40 уюмдун өкүлдөрү жана коомдук активисттер чакырылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан