SUPER.KG порталынын "Президенттин жарандык активисттер менен бүгүн болгон жолугушуусунан кандай жыйынтыктарды күтүүгө болот?" деген соболуна жарандык активист Мавлян Аскарбеков жооп берди.
Ал бүгүнкү жыйынга катышканын айтып, чогулуш конструктивдүү, жемиштүү өткөнүн белгиледи.
"Бүгүн президент менен жолугушуу биринчи жолу болуп өттү. Абдан жакшы, конструктивдүү жана жемиштүү жолугушуу болду деп айтсак болот. Себеби 3-4 саатка жакын созулган жолугушуу президент менен түзмө-түз сүйлөшүү суроо-жооп, сунуш иретинде өттү. Көптөгөн маселелер, суроолор, сунуштар айтылды. Бул биринчи жана акыркы жолугушуу эмес. Эми дайыма жолугушуу болуп турат. Президент көйгөйлүү маселелерди чечүүгө аракет кылганга сөз берди. Буюрса жолугушуунун жыйынтыгын жакын арада көрүп баштайбыз. Себеби ар бир катышуучунун суроосу, сунушу президент тарабынан жазылып калды. Маселелер чечилип, жыйынтыгы болот деген ишенимдебиз", - деди Аскарбеков.
Коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев, укук коргоочу Динара Ошурахунова, жарандык активисттер Эдил Байсалов, Өндүрүш Токтонасыров, Адил Турдукулов, Алга Кылычовдун пикири төмөнкү шилтемеде.