Кыргыз балбаны Мээрим Жуманазарова жаштар арасындагы Азия чемпиондугунда алтын медаль тагынды
Бүгүн, 19-июлда Индиянын Нью-Дели шаарында жаштар арасындагы Азия чемпиондугунун кыз-келиндер арасындагы мелдештери старт алган. Анда балбандар 50, 55, 59, 68 жана 76 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашты.
68 килограммга чейинки салмак ченинде күрөшкөн Кыргыз балбаны Мээрим Жуманазарова финалга чейин жетти. Анда Жуманазарова индиялык Дивия Какранды утуп, алтын байгенин ээси болду.
Кошумчалай кетсек, мелдештин жүрүшүндө Жуманазарова тайбэйлик, кореялык жана казакстандык балбандарды утуп алганга үлгүрдү.
Эске салсак, Мээрим Жуманазарова менен Дивия Какран Бишкек шаарында өткөн Азия чемпиондугунда бири-бирине туш келген. Анда дагы Мээрим Жуманазарова жеңишке жетип медалды илип кеткен.