Кара-Балта шаарында 43 жаштагы И.Г. уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү деп айыпталып кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБинин басма сөз кызматы 27-июнда билдирди. 57 жаштагы Панфилов районунун тургуну милицияга арыз менен кайрылып, бейтааныш жаран баалуу буюмдарын тоноп кеткенин айткан. Укук коргоо кызматкерлери кылмышка шектүүнү көп узаткан жок. Бул факты боюнча учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.