Жылдыздардын Инстаграм баракчасындагы эң көп "жакты" белгисин топтогон сүрөттөрү

Интернет желесиндеги популярдуу болгон Инстаграм баракчасы ар бир колдонуучунун виртуалдык күндөлүгү десе жаңылышпайбыз. Себеби колдонуучулар жашоосунда кандай окуялар орун алганын, ал тургай ичип-жеген тамагына чейин сүрөткө тартып, ага байланыштуу бир окуяны белгилеп коёт. Айрымдары жакшы пикирин билдирип, "жакты" белгисин койсо, айрымдары, тескерисинче, терс ойлорун билдиришет. Бул ирет дүйнөгө белгилүү атактуулардын жеке баракчасындагы эң көп "жакты" белгисин топтогон билдирүүлөрүн тизмектеп көрдүк.

Бул тизмектин сап башында португалиялык футболчу Криштиану Роналду турат. Анын италиялык "Ювентус" футболдук клубуна өтүп, клубдун футболкасын кийген сүрөтү 12 миллионго жакын "жакты" белгисин топтой алган. Бул 3 күн аралыгындагы көрсөткүч. Баракчасына катталгандардын саны 136 миллиондон ашкан.

Ал эми америкалык ырчы Жастин Бибердин сүйүктүүсү Хэйли Болдуин менен баш кошору тууралуу жазылган билдирүүсү 13 миллионго жакын "жакты" белгисин топтогон. Катталуучулардын саны 101 миллиондон көп.

Эң көп "жакты" белгисин топтоо боюнча лидерликти бербей келген модель Кайли Женнердин кызы Сторми менен түшкөн сүрөтүнө 4 ай аралыгында 13 миллиондон ашык лайк басылган. Анын баракчасына катталгандардын саны 111 миллиондон ашкан.

Кыргыз шоу-бизнесиндеги атактуулардын билдирүүлөрү миллиондогон лайк топтой албаганы менен, колдонуучулар тарабынан жакшы кабыл алынып келет. Мисалы, 765 миң катталуучусу бар ырчы, актриса, алып баруучу Асел Кадырбекованын үлпөт тоюнда гүл кармап түшкөн сүрөтүнө 55 миңден ашык "жакты" белгиси коюлган.

Ал эми ырчынын келин болгондон кийин "баарын жасай алам, эгер билбесем үйрөнөм" деген видеосу 672 миң 818 жолу каралган.

Инстаграмда эң көп 912 миң катталуучусу бар ырчы, алып баруучу, актриса Анжеликанын Асел Кадырбекованын кыз узатуусундагы чогуу түшкөн сүрөтү 40 миң лайк топтогон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Ayjan.Akyl
2018-07-20 17:09:53
Чын журоктон баари бир инстагам дагы жок менде))))))
+22
monster_high_98
2018-07-20 17:32:54
Инстада Эльдана форайс менен Айжана Асемова атактуу Кыргызстанда.Анан тиги Джолибиз эптеп аркимди жаман коргозуп,инстада атактуу болгусу келет,менимче подписчигин деле акча мн топтогон,а так ага кызыккан деле киши аз го
+8
vikidiki
2018-07-20 20:03:10
monster_high_98,плюс басам деп минус басып алдым.
0
Paprikafm
2018-07-20 17:33:36
Инстадан роналдуну таппаймго, билгендер жазып койгулачы
+1
monster_high_98
2018-07-20 17:39:09
Paprikafm,cristiano
+3
dobrajelatel
2018-07-20 19:54:40
Джолибиз мурдагыдай эмес жакты белгисин топтогону менен реалда достору азая тушту.
+5
tina.kg
2018-07-20 20:46:44
Кыргызстанда эн коп подписчиги бар Анжелика биринчи орунда турат, экинчи орунда Айжан Асемова, учунчудо Нурлан Насип, тортунчу Асель Кадырбекова,бешинчи Эльдана экен
+2
Azat.97
2018-07-20 23:34:16
tina.kg,мен 1млн 816мин 375 орунду экенмин подписчигим боюнча
+4
bond02
2018-07-20 21:47:54
Лайк эмне кылып берет экен дейм да.
+7
MaksCharbak85
2018-07-21 12:25:35
Акча чогултушат жакты белгиси мн
0
tular
2018-07-21 15:00:31
MaksCharbak85, кантип чогултушат?
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан