Түштүк Кореянын 24 жылга эркинен ажыратылган мурдагы президентинин мөөнөтүнө дагы 8 жыл кошулду

Түштүк Кореянын 24 жылга эркинен ажыратылган президентинин мөөнөтүнө дагы 8 жыл кошулду. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Белгилүү болгондой, Түштүк Корея соту өлкөнүн мурдагы президенти Пак Кын Хенин иши боюнча жаңы өкүм чыгарды. Ал мамлекеттик каражаттардын жоголушуна жол берген жана 2016-жылдагы парламенттик шайлоого кийлигишкен деп табылып, 8 жылга эркинен ажыратылды.

Эскерте кетсек, апрель айында сот Пак Кын Хе коррупцияга жана өлкөнү башкарып турганда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп айыпталган. Мындан сырткары сот мурдагы президентке 16 миллион 900 миң доллар айып салган. Мурдагы өлкө башчы ага карата тагылган 18 айыптын он алтысы боюнча күнөөлүү деп табылып, 24 жылга эркинен ажыратылган болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
Nazar76
2018-07-20 19:37:01
Эгер бизде дагы мыйзам түштүк Кореядай иштегенде биздин бийликтегилердин көбү өмүр бою камалып кетмек экен
+13
balykchy2012
2018-07-20 19:38:15
Күчтүү закон
+11
Azatbek.Svoboda.
2018-07-20 19:42:19
Биздин мамлекетте да ушундай адилеттуулук болсо төрт беш гана саналуу гана депутаттар калып калганы баары камалып кетишмек!
+14
modem4999
2018-07-20 19:44:42
Ушулардыкындый кучтуу закон бизде да орноп калаар.
+12
Jelezo
2018-07-20 20:00:15
Бизде закон бар аткарган адам жок көзөмөлдөөчүү органдар кекиртегине чейин корупцияга батып калган.
+10
leilekstan_1987
2018-07-20 20:03:45
Кана эми бизде.да мыйзам баарыга бирдей иштеп АША.да ушинтип 30.40 жылга камалып кетсе
+11
bond02
2018-07-20 20:25:55
Бизде закондун башында президент отурса, кайсы жанынан тойгон сот озу билип окум чыгара алат.
+8
monster_high_98
2018-07-20 20:44:45
Мыйзам иштоосу учун,адамдардан да аракет болушу керек окшойт,себеби биз конуп калганбыз бардык нерсени акча менен чечип,коз карашты озгортсок баары болот деген ойдомун
+7
Merelisha
2018-07-20 21:18:02
Э Кудай,бизге да ушундай закондо жашаган кун эртерээк келсинчи.
+5
O.dembele
2018-07-20 21:35:17
Бизде,кайра 8 жылга кемитсе керек
+4
rysik79
2018-07-21 00:11:04
Атамбаевтин кадрлары тоюп журсо. Бир албек завхоздун мулку млрд долларды тузуп жатса. Соорон Шарипович козун жумуп президент болуп корбомуш болуп албекти чартанбай тептирип журо берсе анда башка кеп. Пускай камай берсин иштей берсин. Озу убада кылган элдин астында. Так что Соорон Шарипович чекеден кустура бериниз во главе укмкк
+3
DAKS
2018-07-21 07:58:07
Булардын Законуна дуйно суктанаарлык.
Корея жылдап эмес кун сайын озгоруп турган олко
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан