Казакстандык спортчу Денис Тендин социалдык тармактагы жеке баракчасына жүктөгөн акыркы сүрөтүндө Кыргыз вайнери Элдана Сатыбалдиева да болгон

Казакстандын эң көрүнүктүү спортчуларынын бири, көптөгөн эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү, Дүйнө чемпиону, Олимпиада оюндарынын коло медалынын ээси, муз үстүндөгү бийчи Денис Тен уурулардын колунан көз жумган.
Анын өлүмү көпчүлүктү кайгыга салды. Алардын арасында казакстандык вайнер Нагима Ахметова дагы бар. Вайнер өзүнүн социалдык тармактагы жеке баракчасына Денис Тен менен акыркы жолку жолугушуусу тууралуу билдирүү жазып, сүрөт жүктөгөн. Сүрөттө белгилүү Кыргыз вайнери Элдана Сатыбалдиева дагы бар.

"Көкүрөк тушумдагы оорудан улам араң дем алып жатып Денис Тен менен болгон акыркы жолугушуубуз, маегибиз тууралуу айтууга милдеттүү экенимди түшүндүм", - деп жазган вайнер Ахметова.

Ал спортчу менен маектешкен учурда Казакстандын спорту, муз үстүндөгү бийдин келечеги тууралуу сураган.

"Казакстанда мыкты машыктыруучулар дээрлик жок. Эгер мыкты устаттар болсо дагы алар эски ыкмалар менен машыктырат. Мен ал ыкмаларды бала кезимде эле үйрөнгөм. Менимче спорттун өнүгүшү калктын менталитетинен көз каранды. Жаңычылдыкты үйрөнүп, алдыга умтулайын дегендер сейрек кездешет. Мына карасаң, мени Орусияга, АКШга барып машыгып кел деп эч ким кыйнап жиберген эмес. Бул бир гана менин чечимим, менин тандоом болгон", - деп айткан Тен Нагима Ахметова менен маектешүү учурунда.

Ошондой эле Денис Тен Кудай буюрса машыктыруучу болуп иштээрин кошумчалаган.

"Мурун бийлик биздин спорт комитетине "Эмнеге байгелүү орундар жок? Спортчулар качан медаль тагынат?" деп көп суроо салат эле. Анда комитеттин "Спорт аянтчалары жок" деген шылтоосу бар болчу. Азыр мамлекет көп каражат бөлүп, спорт менен машыгууну каалагандар үчүн аянттар, секциялар курулган. Албетте, бекер машыгуу үчүн курулган. Бирок спорт аянттарына, секцияларына барган балдардан акча талап кылышат. Бул туура эмес, анткени спорт менен машыгууну каалаган балдардын бардыгында эле акча жок. Балким, Кудай буюрса, 10-15 жылдан кийин машыктыруучу болсом мындай жолго барбайм. Эгер биз дүйнөнү өзгөрткүбүз келсе, анда биринчи өзүбүздөн башташыбыз керек", - деген спортчу.

Белгилей кетсек, Денис Тен дагы вайнер Нагима Ахметова жүктөгөн сүрөттү 2 күн мурда жеке баракчасына жүктөп, "Кыздар менен "BurritoGO`го бардык" деп жазган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
surgeon777
2018-07-20 18:47:48
Жаткан жери жайлуу болсун,жайы жаннаттан болсун,жакындарына сабыр тилейм..
Апасы байкуш кантти экен,уулунун ар бир мелдешине барып алдынкы орунда туруп алып куйормандык кылчу эле..
+5
bibi87
2018-07-20 19:22:12
Элдана Сатыбалдиеванын суроту журот, бирок Элдананар бир ооз соз жазып койгон жок го бул тууралуу
+5
monster_high_98
2018-07-20 19:31:34
bibi87,Эльдананар деп кимге какшык менен кайрылып жатасынар,аркимдин оз иши да!
-5
bibi87
2018-07-20 23:13:55
monster_high_98,сизге эмес
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан