Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбеков: "Атамбаевдин коррупционер экенин, анын экономиканы талкалап кеткенин акыл-эстүү адамдардын бардыгы билет"

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин эң жакын адамдары дээрлик толук камакка алынды. SUPER.KG порталынын бул окуялар Атамбаевди коррупцияга шектегенге негиз боло алабы? деген соболуна Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбеков жооп берди.

Анын айтымында, Атамбаевдин коррупцияга шектүүлүгү мурда эле билинген. "Бул тууралуу Атамбаев президент болуп турганда эле мага окшогон саясатчылар көп жолу айтканбыз. Мамлекетте оппозиция, күчтүү жарандык коом жана эркин маалымат каражаттары болбосо анда президенттердин бардыгы коррупция менен алектенет. Анткени андай өлкөдө мамлекет башчыны токтото турган, аны көзөмөлдөй турган, мамлекет башчысын кармап турган күч болбой калат. Ошондуктан Атамбаев 7 жыл ичинде мамлекетте каалаган нерсесинин бардыгын жасады. Ага эч ким баш көтөргөн жок жана аны токтотууга мүмкүнчүлүк болгон жок. "Датка-Кемин" подстанциясы, Бишкек ЖЭБди жаңылоо боюнча коррупциялык иштер бар экенин жалпысынан айта алабыз. Деталдуу далилдерди Атамбаевдин жакын адамдары камалгандан кийин укук коргоо органдары жашырбастан ачык далилдеш керек. Биздин укук коргоо органдары сотторду жабык өткөрүүгө көнүп калган. Мындайдан кутулушубуз керек. Коом толугу менен көрүшү керек. Ошондо гана ишеним пайда болот. Атамбаевдин коррупционер экенин, анын экономиканы талкалап кеткенин акыл-эстүү адамдардын бардыгы билет", - деди Жээнбеков.

Жогорку Кеңештин депутаттары Анвар Артыков, Искендер Матраимов, экс-депутат Феликс Кулов, президенттик аппараттын мурдагы башчысы Фарид Ниязов, юрист Таалайгүл Токтакунова, саясий серепчи Марат Казакбаевдин пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан