Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов: "Кыргыз элинин бардыгы - Атамбаевдин жакын адамдары, анткени аны эл шайлаган"

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин эң жакын адамдары дээрлик толук камакка алынды. SUPER.KG порталынын бул окуялар Атамбаевди коррупцияга шектегенге негиз боло алабы? деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов жооп берди.

Ал акыркы убактарда камакка алынып жаткандар гана Атамбаевге жакын адам деп айта албасын билдирди. "Атамбаев 6 жыл президент болгондон кийин ага Кыргыз мамлекетинин элинин бардыгы жакын. Анткени аны эл шайлаган. Акыркы убактарда кылмыш иши козголуп жаткандардын бардыгы анын жакын кишилери дебейм, алар Атамбаевдин командасында иштегендер. Ар кимге өзүнүн жасаган ишине карата кылмыш иши козголуп жатат. Алардын күнөөлүү же күнөөлүү эместигин тергөө иштери аныктап, сот чечим чыгарат", - деди Матраимов.

Жогорку Кеңештин депутат Анвар Артыков, экс-депутаттар Равшан Жээнбеков, Феликс Кулов, президенттик аппараттын мурдагы башчысы Фарид Ниязов, юрист Таалайгүл Токтакунова, саясий серепчи Марат Казакбаевдин пикири төмөнкү шилтемеде.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан