Түркмөн президентинин туугандары учактагы 160 жүргүнчүнү түшүрүп, өздөрү учуп кетишкен

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун жакын тууганы учактагы жүргүнчүлөргө эч нерсе түшүндүрбөй баарын түшүрүп, учакка өз үй-бүлөсүн салып учуп кеткен. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, окуя бир ай мурда Түркмөнабад-Ашхабад багыты боюнча уча турган учакта болгон.

Президенттин туугандары Койтендаг шаарындагы эс алуу жайдан келе жатканы айтылат. Жергиликтүү аэропорттун өкүлү президенттин тууганы үчүн чакырылган атайын учак өз учурунда келбей калгандыктан, алар 160 жүргүнчүнү түшүрүп салганын айткан. Бирок жүргүнчүлөрдү түшүрбөгөндө дагы, каттамдагы учакта президенттин туугандары бата турган орундар бар болгон.

Каттамдан калтырылган жүргүнчүлөр нааразычылыктарын билдирип аба майдандын жетекчисине кайрылышкан. Бирок жетекчи эч нерсе чечип бере алган эмес. Жыйынтыгында жүргүнчүлөрдүн шашып жаткандары такси менен кетүүгө аргасыз болушса, көбү кийинки күнкү каттам менен учушкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (24)
Jelezo
2018-07-21 13:31:28
Түркмөнстан президенттин менчигида таңкалып кереги жок.
+22
Tansuluu09
2018-07-21 13:33:48
Тан калдым) шашылыш экендерби)))
-4
bond02
2018-07-21 13:35:01
Tansuluu09,экендерби???
+12
anonymous
2018-07-21 13:35:50
bond02, ооба экендер)))
+19
Tansuluu09
2018-07-21 14:32:57
anonymous, хе -хе
+8
Rifle_I
2018-07-22 18:18:57
bond02,
Диалектикага таң калуунун кереги жок.
Башка улуттарды бөлгөндөрдү улутчул дейт. Фашист деген сөз да туура келет.
Бир эле улутту бөлгөн фашисттен да , улутчулдан да төмөн адам. Эске сактап коюңуз, кыргыздын биримдиги баарыбыздын колубузда.
+2
egiz-jigit
2018-07-21 16:46:25
Tansuluu09, Туркчо жазып ийгенби
+3
newman
2018-07-21 17:39:47
egiz-jigit,
Баткен районунун жашоочулары ушинтип сүйлөшөт.
-3
Rifle_I
2018-07-22 18:19:34
egiz-jigit,кыргызча жазылган. Диалектика ушундай.
0
Pandora
2018-07-21 13:46:54
Ушундай кылганга кандай адамдардын ичи тутот,тушунбоймун. Коомдук транспортто улуулар бироого орун бошото койбой канча ойлоносун адам,ичинден пытырап.
+9
monster_high_98
2018-07-21 13:54:13
Эл менен кетсе кемип кала тургансып,"элдин"президенттери баш болуп,катардагы рейс менен эле учуп жатат
+18
vikidiki
2018-07-21 17:31:12
monster_high_98,Ошону айтсан "элдин президентинен" сабак алышпайбы.
+15
Azatbek.Svoboda.
2018-07-21 14:01:48
Биздин эскирип калган экс дагын кетпей иштесе ушундай эле болмок эле!Ошондо жаңылыктардан чыгат эле. Президенттин шафёру Бишкектен Ошко эс алганы кетип жатып эч бир себепсиз самалёттон жургунчулөрду тушуруп өз семясы менен учуп кетиптир дешип.Жургунчулор аба майданындагы жетекчисине жолугушса ал чыгып мен КСДПынын фракциясынан болом колуңардан эмне келет каяка барсаңар ошол жака баргыла деп айтыптыр деп!
+9
Aikaaaa
2018-07-21 17:26:25
Azatbek.Svoboda.,Бакиевби
0
Azatbek.Svoboda.
2018-07-21 21:05:07
Aikaaaa,Эмне Баакиев?
-2
Rifle_I
2018-07-22 18:20:32
Aikaaaa,
Бакиев туугандарын бийликке алып келбегенде, Кыргызстан бай өлкө болот элек.
0
talas0707
2018-07-21 16:42:24
Диктатор болуп калыптыр, туркмон эли да жоош окшойт.
+4
Dembele84
2018-07-21 17:03:17
Туркмондун президентинин туугандары да копкон экен.
+6
boris8907
2018-07-21 18:14:26
Туркмондорго чала болот оздору шайлаганда омур откучо
-1
Aima94
2018-07-21 18:31:04
Жанылыктарды окуп кереги жок комментарий эле кызык чынында
+3
dobrajelatel
2018-07-21 19:34:04
Макияж, кийим- кече ачык тустогу, лакка тыюу салып, эми бул кылыгын. Эл игрушка эле окшойт президентке.
+4
-Sumitra-
2018-07-21 22:12:10
Коррупцияга баткан учун туркмондор да онукпой жатат.Нанга кезекке туруп,ж.б нерселерге тыюу салып.Гурбангулы олгондо жакшы жашоо болсо керек буларда.Тообо кылдым.
+7
Ayjan.Akyl
2018-07-22 00:39:30
Гурбангулы да элин ойлобой Аша сыяктуу гитара кармап ыр чыгарып жээниби кимиси айтоор бироосу менен реп окуп звезда болуп журот .Минтип туугандары кошо сайрандап.
+2
Ferdews
2018-07-22 11:10:42
Карочи призидентин уч тамнага ПАСЫЛАЙТЕТИШ керек болуп калыптыр
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан