ЖЫЛНААМА, 22-ИЮЛЬ: Көп кырдуу таланттын ээси, америкалык белгилүү актриса жана ырчы Селена Гомес 26 жашка чыкты

1992-жылы 22-июль күнү америкалык актриса, ырчы, блогер, гитарачы, композитор, продюсер, модель, дизайнер, куудул жана үн коштоочу Селена Гомес АКШнын Техас штатындагы Гранд-Прейри шаарында төрөлгөн.

Ал италиялык Мэнди Корнетт менен мексикалык Рикардо Гоместин кызы. Мэнди менен Рикардо кызы 5 жашка чыкканда ажырашып кетишкен.

Театрда актриса болуп эмгектенген апасы кызын жалгыз тарбиялаган.

Селена 9 жашында кастингден өтүп, "Барни жана анын достору" ("Барни и его друзья") мультсериалына тартылган.

Кийин "Күлчү кыз тууралуу дагы бир окуя" ("Ещё одна история о Золушке"), "Ханбийкелерди коргоо программасы" ("Программа защиты принцесс") сыяктуу фильмдерге тартылып өз күйөрмандарын таба алган.

"Ханна Монтана" ("Ханна Монтана"), "Тыңчылардын балдары 3: оюн бүттү" ("Дети шпионов 3: игра окончена") жана башка тасмаларда роль жаратып, көптөгөн сыйлыктардын ээси болгон.

Бара-бара ырчылыкка да аралаша баштап, 2009-жылдан тартып "Селена Гомес жана сахна" ("Selena Gomez & the scene") аттуу поп-рок тобун түзүп, өзү анын вокалчысы болуп калат.

Алардын дебюттук альбому "Өп жана айтып бер" ("Kiss & tell") деген аталышта ушул эле жылы чыккан.

Ырчыга популярдуулук алып келген чыгармасы "Love You Like A Love Song" ыры болгон. Ал дүйнөнүн бир нече тилине которулуп, ырдалган.

Анын ырлары поп-рок, дэнс-поп, синти-поп стилинде. Өзүнүн жана башка авторлордун 40ка жакын ырын аткарып, алардын дээрлик бардыгына клип тартылган.

Селена Гомес жылдыздуу көзү жана жарашыктуу келбети менен модель болууга да баш-оту менен киришкен. Учурда "Bazaar" журналынын модели катары эмгектенет.

2017-жылы ден соолугу начарлап, бөйрөгүн алмаштырууга туура келген. Ага бул учурда жакын курбусу актриса Франсия Райса кол сунуп бир бөйрөгүн берген.

Ырчы жаш болгону менен, кайрымдуулук жаатында да таанымал болуп, 2009-жылы 16 жашында ЮНИСЕФтин тарыхында эң жаш ыктыярдуу элчи болгон.

2013-жылы 14-ноябрда Грейси ысымдуу сиңдилүү болгон.

Дизайнерлик ишмердигинде чоң жаңылыктар 2012-жылы башталып, ошол эле жылы "Glamour" журналынын тандоосу боюнча "Жылдын мыкты дизайнери" аталган. Adidas NEO бренди моделди спорттук марканын иконасы катары тандап алып, дизайнерлик милдетти да 3 жылдык келишим менен өткөрүп берген.

Мындан тышкары ал өзүнүн Dream Out Loud by Selena Gomez аталышындагы кийимдердин күзгү коллекциясын чыгарган.

Жеке жашоосунда узак убакыт бою ырчы Жастин Бибер менен сүйүү мамилесинде болуп келген. Экөө бир нече ирет ажырашкандыгын жарыяласа да, аз убакыт өтпөй эле аларды чогуу көрүүгө мүмкүн болгон.

Жакынкы аралыкта Жастин Бибер мамилесинде чукул бурулуш жасап, мурдагы сүйүктүүсү Хэйли Болдуинге үйлөнүү тууралуу сунуш жасаган. Ал да өз кезегинде сунушка макул болгон. Ал эми Селена 2017-жылдын ноябрь айына чейин ырчы Weeknd менен бирге болуп келген болсо, учурда ден соолугун чыңдап алып чыгармачылыкка кайтууга аракеттенүүдө.

Ырчы жакында апасы Мэнди Тифи менен мамилеси жакшыргандыгына байланыштуу өзү да балалуу болгусу келгенин жарыялаган. Анын айтымында, ага түгөй болчу адам акылдуу, шайыр, сулуу жана түшүнүктүү болуусу абзел.

22-июлга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Aidani
2018-07-22 13:45:38
Гомес дос туулган кунубуз менен анда, бактылуу бололучу
+7
vikidiki
2018-07-23 10:20:46
22жашында эле жашоосунда баардыгына жетишиптир. Ийгилик!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан