Кыргыз балбандар Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагындагы кыргыз күрөшү боюнча мелдешке даярданууда. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирет.
Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында кыргыз күрөшү боюнча улуттук курама команда окуу-машыгуу жыйындарын өткөрүүдө. Анда машыктыруучу Туратбек Тойчубеков жыйынга 14 спортчуну чакырган.
Айта кетсек, көчмөндөр оюндарынын алкагындагы кыргыз күрөшү боюнча мелдештин алкагында ар бир курама командадан 7 спортчу катышат, алар 55, 60, 66, 74, 84, 96 килограммга чейинки жана абсолюттук салмак категориясында күч сынашмакчы.
Окуу-машыгуу жыйындарына чакырылган спортчулардын тизмеси:
Бекболсун Сатамкулов;
Сыймык Алымкулов;
Амангелди Эсенбек уулу;
Кутмедин Жаназаков;
Равил Самат уулу;
Мирхат Шамбет уулу;
Баястан Идирисов;
Санжар Аманов;
Чынгыз Чалабаев;
Нурислам Идирисов;
Нурбек Кожобеков;
Байышбек Тажигул уулу;
Тилек Куралов;
Бекболсун Кушубаков;
Туратбек Тойчубеков - ага машыктыруучу;
Автандил Анарбаев - машыктыруучу.