Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Алыш күрөшү боюнча Кыргыз курама командасынын окуу-машыгуу жыйындары жыйынтыкталды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.
Маалыматка ылайык, Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдануу максатында Алыш күрөшү боюнча Кыргыз курама командасы 5-18-июль аралыгында окуу-машыгуу жыйындарын өткөрдү. Бул жыйындарга башкы машыктыруучу Мирбек Карабаев машыгууларга 12 эркек жана 12 кыз-келин спортчуну чакырган.
Эркектер арасындагы Кыргыз курама командасынын тизмеси:
Эрланбек Мурзабеков;
Баястан Сүйүнбеков;
Мадаминбек Шаршеналы уулу;
Нурмат Муратбек уулу;
Эсенбек Кудайбердиев;
Мырзабек Кочкоров;
Сапармурат Нурмамат уулу;
Чыңгызбек Чалабаев;
Жеңишбек Кыргызбаев;
Мирхалил Ибрагим уулу;
Кадыр Келсинбеков;
Асылбек Шадыбеков;
Кыз-келиндер арасындагы Кыргыз курама командасынын тизмеси:
Анара Рыскулова;
Элзада Момунжанова;
Күмүшай Аттокур кызы;
Мээрим Мизамидин кызы;
Нурзат Бактияр кызы;
Алина Каныбекова;
Уулкан Алибай кызы;
Гүлжанат Бакытбекова;
Алтынай Мамарасул кызы;
Айжан Доктурбек кызы;
Нагира Сарбашева;
Кундузай Жайчибекова;
Мирбек Карабаев - башкы машыктыруучу;
Кабыл Бөрүбаев - ага машыктыруучу.