Бүгүн, 21-июлда Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо кыздар арасындагы эл аралык мелдеш жыйынтыкталат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кыргыз Республикасынын футбол федерациясынан билдиришти.
2019-жылы өтүүчү Азия чемпиондугунун тандап алуу туруна даярдык катары өткөрүлүп жаткан "Надежда" аттуу мелдеште Казакстан (U-17), Өзбекстан (U-16), Тажикстан (U-16) жана Кыргыз Республикасынын (U-16) жаштар курама командалары катышууда.
Мелдештин жыйынтыктоочу күнү оюн талаасында Тажикстан-Казакстан жана Кыргыз-Өзбекстан беттештери орун алат.
Айта кетсек, Кыргыз курама командасы алгачкы беттеште Тажикстандын футболчулары менен кез келип, анда Кыргыз спортчулары 1:0 эсеби менен утуп алышкан. 2-турдун алкагында Кыргыз курамасы Казакстан командасы менен күч сынашып, тилекке каршы ири эсепте жеңилүү ызасын тартып калышты. Казакстандын киргизген 5 голуна Кыргыз курамасы 1 гол менен гана жооп бере алды.
3-турдун беттештеринин тизмеси:
14:30. Тажикстан (U-16)-Казакстан (U-17)
18:00 Кыргыз Республикасы (U-16)-Өзбекстан (U-16).