Бүгүн, 27-июнда президент Алмазбек Атамбаев Кытайдын коргоо министри Чан Ваньцюанды кабыл алды. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмү билдирди. “Бизде эң ишенимдүү коңшубуз Кытай бар экенин жана ал Кыргызстандагы туруктуулукка жана гүлдөп-өнүгүүгө кызыкдар экенин билебиз. Биз дагы Кытайдын мындан да күчтүү өнүгүшүнө жана Кытайда да тынчтык жана бейпилдик болушуна кызыкдарбыз”, - деди өлкө башчы. Өз кезегинде Чан Ваньцюань президентке ыраазычылыгын билдирди. “Мага жана менин кесиптештерим үчүн убакыт бөлгөндүгүңүз үчүн рахмат. Бул биздин өлкөлөрдүн жана Кыргызстан менен Кытайдын Куралдуу күчтөрүнүн ортосундагы мамилелердин өнүгүүсүнө чоң көңүл бурганыңызды толук ырастайт”,- деди ал. Ошондой эле жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы мындан аркы аскердик-техникалык кызматташтыктын актуалдуу маселелери каралды.