Азыр ар бир инсан өзүнүн келечеги үчүн керектүү, кирешелүү бизнес баштоону көздөп, анын түрдүү жолдорун издеп келет. Мына ошондой эле кыялдарын орундатып, 40 жылдан бери малина өстүрүп, үй-бүлөсүн баккан Чүй облусуна караштуу Сокулук районундагы Кызыл-Туу айылынын тургуну, багбан Айылчы Жакыбалиев малинаны кантип өстүрүп жакшы киреше алуунун жолдорун айтып берди.
"Малинаны жакшы өсүшү үчүн күз мезгилинде отургузуу керек. Бирок бул убакта көчөт алуу оңой эмес, себеби малина кеч күздө деле мөмө берет. Ал эми менден сурагандарга аянбай эле берем. Малина тамырынан чыгып көбөйөт. Көчөттүн бир түбүн 10 сомдон алууга болот. Күздө отургузган көчөттөр жазга чейин жерге отурукташып, жазында дароо көктөп баштайт. Малинаны ар 15 күндө бир сугарып туруу керек. Отургузуп жатканда суугаруу ыңгайлуу болушу үчүн катарлардын аралыгын алысыраак кылып, сууну түбүнө бербей эки жанындагы атайын казылган арыктарга агызып суугарылат. 20 чарчы жерден орто эсеп менен жылына 3-4 миң доллар киреше алса болот. Июль айынан баштап кар түшкөнгө чейин мөмө берет. Ал үчүн сөзсүз түрдө алдындагы топурагын азыктандырып, жумшартып, отоо чөптөрүн тазалап туруу керек. Баарынан жакшы жагы малина ар жылы токтобой мөмө берип, жыл өткөн сайын көчөттөр менен бирге түшүмдүн көлөмү дагы өсөт. Себеби жылына анын саны 3 же 5 түпкө кошулат. Бирок алардын ичинен ичке болуп чыкканын дароо кесип алып салганыңыз туура болот, себеби ал көчөт мөмө бербейт. Быйыл банкасы 50 сом, терип бергендерге банкасына 10 сомдон беребиз. Малина биздин айыл өкмөттөн күнүнө Орусия, Астана, Алматыга экспорттолот. Аны күздө оруп, кык таштап коюуну унутпаңыз. Мындай кылуу менен сиз малинаны кышкы суукка даярдаган болосуз"
Багбандын айтымында малинанын түрү көп. Ал эми Кыргыз өлкөсүндө анын 2 түрүн көп өстүрүшөт. Бири кадимки биз билген малина болсо, экинчиси тикенеги жок жүзүмдөй топ-топ мөмө берген кыш мезгилинде үстүн ороп, жылуулап коё турган түрү - бул кара бүлдүркөн (ежевика).
"Кара бүлдүркөндү август жана сентябрь айларында сабынан кесип алып жерге сайып, көчөтүн көктөтүп алууга мүмкүн. Күздө тамыр алып, жазында кадимкидей өсүп, мөмө бере баштайт. Саптарын жерге жаткырып койсо дагы тамыр алып кетет. Малинага караганда түшүмү аябай көп, даамы сонун болот. Бир банкасы - 100 сом. Көчөтү базарда 150 сомдон, бирок мен сурагандарга 50 сомдон деле сатып ием. Мына ушундай, эч кандай өзгөчө сыры жок. Эң негизгиси, эмгектениш керек", - дейт багбан Айылчы Жакыбалиев.