"Гарри Поттер" фильминин бардык бөлүгүндө башкы каарман Гарри Поттердин ролун жараткан англиялык кино жана театр актёру, үй-бүлөсүндөгү жалгыз уул Дэниел Рэдклифф Лондондогу Фулхэм шаарында жарык дүйнөгө келген.
Актёрдук өнөргө 5 жашынан кызыгып, мектептеги сахна оюндарында маймылдын ролун жаратчу.
Дэниел Рэдклифф актёрдук боюнча 2 жеке мектептен билим алган.
30дан ашык тасмада роль жараткан Дэниел карьерасын 1992-жылы баштаган.
Ал алгачкы жолу 1999-жылы "Дэвид Копперфилд" аттуу фильмде Дэвид Копперфилддин бала чагын ойносо, 2001-жылы "Панамадан чыккан бычмачы" тасмасына тартылган.
Бирок ага атактуулукту Гарри Поттердин ролу алып келген. Анын бир жылдык каражаты 23 миллион еврону (1 миллиард 841 миллион 27 миң 284 сом) түзүп, 2009-жылы Дэниел Рэдклифф "Гиннесстин рекорддор китебине" эң көп акча төлөнгөн актёр катары кирген.
Актёр "Гарри Поттер" тасмасынын биринчи бөлүгүнө тартылып жүргөндо 150 000 фунт стерлинг (13 миллион 451 миң 902 сом) гонорар алчу. Бирок акысы арзан болгон "Sussex House School" окуу жайда окучу. Досторунун көрө албастыгынан Дэниел бул окуу жайды таштоого аргасыз болгон.
Актёр өзүнүн 21-жайын Санкт-Петербург шаарында тоскон жана Орусиядагы күйөрмандары үчүн Биринчи каналдын "Прожекторперисхилтон" долбоорунун бир чыгарылышында конок болгон.
Актёр спорттун крикет түрүн жакшы көрөт, кээде Том Фелтон менен бирге Англия курамасынын матчтарына барып турат.
2016-жылы америкалык кинорежиссёр Жон Чунун "Алдоонун иллюзиясы 2" тасмасында Уолтер Мэбри аттуу терс каармандын образын жараткан. Бүгүнкү күнгө чейин 30 тасмада роль жаратып, ар биринде жан дүйнөсү менен берилип аткарган актёрду бирде таз кейпинде, кээде үксөйгөн сакал коюп, кийинкисинде мүйүзчөн жүргөнүн байкоого болот.
2008-жылы актёр диспраксиядан (булчуңдар алсыз болуп, кыймылды башкаруунун бузулушуна алып келүүсү) жабыркаганы аныкталган. Мунун айынан ал бут кийиминин боосун байлай албайт.
Актёр учурда бойдок. 2012-жылдан тарта Эрин Дарк аттуу актриса менен кыз-жигит болуп жүрүп, 2014-жылы жашыруун баш кошушкан деген кептер айтылган. Бирок актёрдун атасы бул маалыматты четке каккан.
2018-жылы "Коркунучтуу тапшырма" ("Опасное задание") фильминде Шон Хэггертинин образын ачып берсе, учурда "Акимбонун куралдары" ("Пушки Акимбо") аттуу тасмага тартылып жаткан кези.
23-июлга карата жылнаама.