Футболчу Месут Озил Германия курама командасында карьерасын токтотууну чечти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышат.
Маалыматка ылайык, футболчу ага карата улутчулдук мамилеге туш болгондуктан курама командадан кетүү чечимин кабыл алган.
Футболчу социалдык тармактагы баракчасына: "Биз жеңишке жеткен учурда Гриндель жана анын тарапташтарынын көзүнө немис болуп көрүнөбүз. Бирок биз жеңилген учурда мен алар үчүн иммигрантмын. Германияда төлөгөн салыктарым, 2014-жылы Дүйнө чемпиондугунда жеткен жеңишим, немис мектептерине акчалай жардам көрсөткөнүмө карабастан мени бул коомдо толук кандуу немис катары кабыл алышкан жок. Мага бөтөн адам сыяктуу мамиле кылышты. Менин досторум Лукаш Подольски жана Мирослав Клозени германиялык поляк катары бөлүшпөйт, анда эмне үчүн мага германиялык түрк катары мамиле кылышат? Мунун себеби түрк болгонум үчүнбү? Же мен мусулман болгонум үчүнбү? Менин оюмча, бул маанилүү маселе. Мен Германияда төрөлүп-өскөм, эмне үчүн мени элдер немис катары санашпайт?" - деп жазган.
Ошондой эле ал "акыркы окуяларга байланыштуу жана узак ойлонуулардан кийин мага карата орун алган улутчулдук мамилени унутканча Германия курамасы менен эл аралык деңгээлде карьерамды токтотуу чечимин кабыл алдым" деген билдирүү калтырган.
Айта кетсек, Германияда Месут Озилдин Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган менен чогуу түшкөн сүрөтү талкууга түшүп, Германия футбол союзунун башчысы Райнхард Гриндель Озилди катуу сынга алган.