Футбол боюнча жаштар арасындагы Кыргыз курама командасы эл аралык мелдештин алкагындагы алгачкы беттешинде жеңилип калды

Футбол боюнча жаштар арасындагы (U-15) Кыргыз курама командасы Өзбекстандын Ташкент шаарында өткөн Борбордук Азия футбол ассоциациясынын мелдешинде алгачкы беттешинде жеңилип калды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кыргыз Республикасынын футбол федерациясы билдирди.
"Кечээ, 22-июлда Кыргыз курамасынын башкы машыктыруучусу Нурлан Букуевдин шакирттери алгачкы беттешин Иран курамасы менен өткөрүп, 0:2 эсеби менен жеңилүү ызасын тартып калды. Кийинки беттешин Кыргыз футболчулар 24-июлда Ооганстан курамасына каршы өткөрөт", - деп айтты футбол федерациясынын басма сөз катчы.
Айта кетсек, Борбордук Азия футбол ассоциациясынын мелдешинде 6 өлкөнүн 15 жашка чейинки курама командалары катышып жатат. Анда 22-30-июль аралыгында Ооганстан, Иран, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан жана Кыргыз Республикасынын футболчулары күч сынашууда.
Кыргыз курамасынын беттештеринин тизмеси:
  • 22-июль: Кыргыз Республикасы-Иран - 0:2
  • 24-июль: Ооганстан-Кыргыз Республикасы (Бишкек убактысы боюнча саат 22:00);
  • 26-июль: Өзбекстан-Кыргыз Республикасы (Бишкек убактысы боюнча саат 22:00);
  • 28-июль: Кыргыз Республикасы-Тажикстан (Бишкек убактысы боюнча саат 19:30);
  • 30-июль: Түркмөнстан-Кыргыз Республикасы (Бишкек убактысы боюнча саат 19:30).
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
jugorsk
2018-07-23 12:54:09
Женилип калуу биз учун жанылык эмес.Буну алдын ала эле билгенбиз
+1
Dalil
2018-07-23 13:09:34
jugorsk, иран курамасы күчтүү команда. Негатив ойлордон арылсак жакшы болмок. Кыргыз футболунун келечеги алдыда.
-1
Meni_unut
2018-07-23 13:16:23
Футболдон башка иш кылгыла
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан