Дарыгерлер XXI кылымда адам баласына коркунуч туудурган ооруларды атады

Дарыгерлер XXI кылымда адам баласына коркунуч туудурган ооруларды атады. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, жүрөк кан-тамыр оорулары, онкология жана ВИЧ инфекциясы адамдарды өлүмгө көп дуушар кылган оорулар бойдон калууда. Адистердин айтымында, жыл сайын инфекциялык эмес оорулардан дүйнө жүзү боюнча 41 миллион адам көз жумат. Бул жалпы өлүмдөрдүн 71 пайызын түзөт. Көп учурда адамдар жүрөк кан-тамыр ооруларынын айынан, тактап айтканда, 17 миллион 900 миң адам көз жумат.
Окумуштуулардын билдирүүсүнө ылайык, техниканын жана илимдин өнүгүшү менен жакынкы келечекте жүрөк кан-тамыр ооруларын алдын алуу жана дарылоо жакшырып, өлүмдөрдүн саны азаят.
Ал эми жыл сайын көбөйүп жаткан онкологиялык оорулар менен күрөшүү жакынкы мезгилде көңүл жылытарлык натыйжа бербейт. ВИЧ инфекциясы менен күрөшүү жолун адам баласы ушул 100 жылдыктын аягында табат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Rifle_I
2018-07-23 22:33:55
Коркунучтуу оору азыр , жол эрежесин сактабаган жоопкерсиздик окшойт .
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан