WhatsApp мессенжери билдирүүнү бир убакта бир нече адамга жиберүүгө чектөө коёт
WhatsApp мессенжери билдирүүнү бир убакта бир нече адамга жиберүүгө чектөө коёт. Бул тууралуу мессенжердин расмий баракчасына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, WhatsApp мессенжеринин иштеп чыгуучулары колдонуучуларга билдирүүнү бир маалда бир нече адамга жиберүүгө чек коюуну тестирлөөдөн өткөрүп жаткан убагы.
"Билдирүүлөр, сүрөттөр, видеолор эң көп кайра жиберилген Индияда билдирүүлөрдү бир маалда 5 адамга гана жөнөткөнгө мүмкүнчүлүк калтырып, ылдам жөнөтүү функциясын алып салууну карап жатабыз", - деп билдиришкен компаниядан.
Айта кетсек, июль айынын башында Индияда тургундар 5 кишини WhatsApp`тагы билдирүүлөрдөн улам бала уурдоого шектүү деп өздөрү жазалап, өмүрүн кыйышкан. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн айтымында, ушундай эле билдирүүлөр дагы башка окуяларга себепчи болуп калышы мүмкүн экендигин айтып, мессенжердин иштеп чыгуучуларына тийиштүү чараларды көрүүнү өтүнгөн.