Токиодо 2020-жылы өтө турган Олимпиада оюндарынын тумарларынын аты аталды

Токиодо 2020-жылы өтө турган Олимпиада оюндарынын тумарларынын аты аталды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Японияда 2020-жылы өтө турган олимпиадалык жана паралимпиадалык оюндардын тумарларынын аттары белгилүү болду. Көк-ак болгон Олимпиада оюндарынын тумарын Мирайтова деп аташкан. Ал "келечек" жана "түбөлүктүүлүк" дегенди түшүндүрөт.

Ал эми паралимпиадалык оюндардын тумары Сомэйти деп аталган. Ал англис тилиндеги "so mighty" сөзүндөй айтылып, "күчтүү" дегенди түшүндүрөт. Тумарлардын аттары атайын добуш берүү жолу менен тандалып алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
ikitaidesu
2018-07-23 18:39:40
Кана эми 2020-жылга чейин Япония га кирип алсам...
+2
Aitunuk
2018-07-23 20:06:52
"Эмблема" деген сөздү эмнеликтен "тумар" деп котордуңар?.. Экөөнүн кайнаса каны кошулбайт (кыргызча айтканда). Бүгүнкү күндө "көчө" котормочулар толуп кетти, тилдин "чалчыгын" чыгарган.
0
tatum67
2018-07-24 11:38:47
Aitunuk, Олимпиаданын эмблемасы түстүү шакекчелер (олимпийские кольца). Ал эми бул кабардагы талисмандар. Ар бир олимпиада өткөрүп жаткан өлкө өзү тандайт талисманды. Талисманды тумар деп туура эле которушкан супер.
+1
RusMos76
2018-07-23 20:50:21
Муратова эле окшойт го кичине бурмалап алышыптыр жапондор
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан