Кытайда көп кабаттуу имаратта өзгөчө шаркыратма пайда болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Белгилүү болгондой, Кытайдын Гуйяне шаарында бийиктиги 108 метр болгон шаркыратма пайда болду. Шаркыратма аккан имараттын бийиктиги 121 метрге жетет. Мындай бийиктикке суу атайын орнотулган 4 насостун жардамы менен жетет.
Шаар жетекчилигинин айтымында, аталган шаркыратма Гуйянеге туристтерди тартуу максатында жасалган.