Башкы прокуратура "ата журтчу" 3 депутат боюнча Жогорку Сотко арызданды
Башкы прокуратура депутаттар Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовго карата шаардык соттун чыгарган чечимине каршылык билдирип Жогорку Сотко арызданды. Мамлекеттик айыптоочулар аталган депутаттарга карата чыгарылган мурдагы чечимди жокко чыгарып, аларды күнөөлүү деп табуу тууралуу көзөмөл сунушун жиберди. Айта кетсек, 17-июнда Бишкек шаардык соту "ата журтчу" 3 депутатты бардык беренелер боюнча актап, боштондукка чыгарган.