Ысык-Көл облусунун Бөкөнбаев айылында салбуурун боюнча эл аралык мелдеш орун алып, жеңүүчүлөр аныкталды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинен билдирди.
Аталган мелдеште, спортчулар бүркүт салуу, далба ойнотуу, тайган жарыш, жаа атуу жана атчан жаа атуу түрлөрү боюнча күч сынашты. Мелдеште Кыргыз спортчуларынан сырткары Казакстандын жана Тажикстандын спортчулары да катышты.
Жеңүүчүлөрдүн тизмеси:
Бүркүт салуу:
1-орун: Салават Айбек уулу, бүркүтү Чагылган. Байге 6 миң сом.
2-орун: Нурсултан Көлбаев, бүркүтү Сулук. Байге 4 миң 500 сом.
3-орун: Аман Исмаилов, бүркүтү Оймок. Байге 2 миң 500 сом.
Далба ойнотуу:
1-орун: Түгөлбай Абдыкадыров. Байге 6 миң сом.
Тайган жарыш:
1-орун: Муратбек Өмүралиев, тайганы Кер-билек. Байге 6 миң сом.
2-орун: Кубатбек Алчынбаев, тайганы Учар. Байге 4 миң 500 сом.
3-орун: Байалы Токтобай уулу, тайганы Актөш. Байге 2 миң 500 сом.
Эркектер арасында жаа атуу:
1-орун: Нурсултан Көлбаев. Байге 6 миң сом
2-орун: Айдар Асылбеков. Байге 4 миң 500 сом.
3-орун: Саян Кызтаубаев (Казакстан). Байге 2 миң 500 сом.
Кыз-келиндер арасында жаа атуу:
1-орун: Асель Садырова. Байге 6 миң сом.
2-орун: Азиза Кожокулова. Байге 4 миң 500 сом.
3-орун: Элиза Тыналиева. Байге 2 миң 500 сом.
Жаштар арасындагы жаа атуу:
1-орун: Тимур Болотбек уулу. Байге 6 миң сом.
2-орун: Арсен Талантбек уулу. Байге 4 миң 500 сом.
3-орун: Жакшылык Асаналиев. Байге 2 миң 500 сом.
Кыз-келиндер арасындагы атчан жаа атуу:
1-орун: Рамина Дидар (Казакстан). Байге 6 миң сом.
2-орун: Анар Камалова (Казакстан). Байге 4 миң 500 сом.
3-орун: Гульдана Алыбаева (Казакстан). Байге 2 миң 500 сом.