"Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кемчилигин айтканым үчүн КСДП мени "партиядан чыгарылган" деп жатат" деп бүгүн, 24-июлда SUPER.KG порталына Сагынбек Абдрахманов билдирди.
"Чык, эшикке" деп чыгарып койгон өзүм билемдик болбойт. КСДП Атамбаевдин менчиги эмес. Партиянын уставын бузганда, ишеним көрсөтпөгөндө жана башка учурларда гана партиядан чыгарууга болот", - дейт Абдрахманов.
Айта кетсек, Абдрахманов "КСДП Атамбаевсиз" деген ураандын алдында КСДП лидерлигинде отурууга Алмазбек Атамбаевдин моралдык укугу жок экенин айтып 10-июлда Москва районунда жыйын өткөн. Абдрахманов эми мындай жыйындар өлкөнүн башка райондорунда да өтө турганын айткан.
Ал эми КСДП партиясынын өкүлү Кундуз Жолдубаева Абдрахманов КСДПнын тизмесинде жок экенин, өтүп жаткан жыйындар КСДПнын катчылыгы менен биргеликте өткөрүлүшү керек экендигин айткан.