ЖЫЛНААМА, 25-ИЮЛЬ: "50 жашка чыкканча кандай ийгилик жаратып, канча адамды таарынттым" деп ойлонуп отурам" дейт 50 жашка толгон көп кырдуу таланттын ээси Мерген Турган
Бул саптарды билбеген кыргыз болбосо керек. Көптөгөн хит ырларды аткаруу менен 1990-жылдары кыргыз эстрадасына узун чачы, так секирип бийлегени менен жаӊылык киргизген белгилүү шоумен, пародист жана ырчы Мерген Турган эл ортону 50 жашка толду. Ырчыны куттуктап байланышка чыкканыбызда, ыраазычылыгын билдирип туулган күндүк маанайы менен бөлүштү.
"Бүгүн маанайым абдан сонун. Бирок бир аз ойлонуп отурам, анткени жаш өйдөлөгөн сайын ушул жашка чыкканга чейин эмне кылдым? Кандай ийгиликтерге жеттим" деп ойлоно баштайт экенсиң. Канча адамды таарынттым, канча адамга таарындым деген ойлор келе берет экен. Таң эрте бир туугандарым, балдарым, жакын досторум куттуктап маанайымды көтөрүштү. Быйыл 50 жашка чыгып жаткандыктан, буюрса, күзүндө кыргыз элиме юбилейлик жеке концертимди тартуулайм деп турам. Ал эми азыркы учурда тоодо эс алып жүргөндүктөн туулган күнүмдү бир туугандарым, үй-бүлөм менен өткөрөм".
Ал 1968-жылы 25-июлда Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районунун Арашан жайлоосунда туулган. Ал ырчы катары “Ак бантик” ыры менен белгилүү болсо, куудулдук, пародия жаатында “Дыңкы жеңе” атка конгон.Ырчынын "Супер-Инфо" гезитине берген маегинен үзүндүлөр:




Дагы бир окуя эсимден кетпейт. Мен чыгармачылыкка аралашып калганымдан кийин эң улуу агам шаарга келип калды. Мен анда эчак узун чачты коюп алгам. Нарындан андайды көрбөгөн да, далай урушту го «кестир чачыңды» деп. Ал тургай ырларымды да укчу эмес, иши да жок болчу. Өзүм менен өзүм ырчы болом деп туйлаганым туйлаган эле. Азыр болсо бир туугандардын баары колдошот, сыйлашат.
Бир туугандар арасында сый-урмат аябай күчтүү. Улуу агам ата ордун басып калган. Анын айтканын айткандай аткарабыз. Мен да өз кезегинде кичүүлөр туура эмес иш кылса акылымды айтып, туура жол көрсөткөнгө аракет жасайм.
"Кудай мага пейилиме жараша алтындай келинди, алтындай кудаларды тартуу кылды. Азыр небере күтүп жатам. Менин кызым жок, буюрса, кыз экен. Баламдын апасы экөөбүз абдан сүйүнүп жатабыз. Кайната болгондон кийин мурдагыдай ачык-чачык кийинбей, сахнада өзүмдү кармап токтоо болуп калдым. Буюрса, балдарыма чоң үй салып берейин деп жатам. Нарындын уулумун да, андан сырткары мал багып жатам. Казакстанга тынбай каттайм. Себеби кайнатам оорукчан, жубайым жумушуна байланыштуу ал жакта жашап жатат. Экинчи уулум Ханраат 2-класста окуйт. Таланттуу, жакшы ырдайт. Казакча сүйлөгөнү менен, дайыма "мен кыргызмын" деп кыргыздардын таламын талашып жүрөт. Келечекте ал уулум кыргыз менен казактын сыймыктанган уулу болот деген үмүтүм бар".