Турсунбек Акун эсин жоготуп жыгылып, ооруканага жеткирилди

Парламентте акыйкатчы Турсунбек Акун эсин жоготуп жыгылып, "Тез жардам" аркылуу ооруканага жеткирилди. Учурда президенттин иш башкармалыгына караштуу атайын оорукананын реанимациясында жатат. Акыйкатчынын жардамчысы Сүйөркул Сейдинов буларды айтты: "Баткенден чыгып түнү менен жол жүрүп келгенбиз. Жыйында кыйналып жатам деп отурган. Анан "мага кофе даярдап берчи" деп фойеге чыкканбыз, басып бара жатып эле жыгылып түштү. Ал жерде саламаттыкты сактоо министринин орун басары турган экен, ошол киши алгачкы медициналык жардам көрсөттү. Азыр дарыгерлердин көзөмөлүндө, реанимацияда тамчылатма дары алып жатат". Айта кетсек, парламентте бүгүн Акунду мөөнөтүнөн мурда кызматынан бошотуу маселеси каралып жатат. Анын кызматтык тагдыры депутаттардын добушу менен чечилмекчи.   
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан