Футбол боюнча жаштар арасындагы Өлкө кубогун Бишкек курамасы утуп алды

Ысык-Көлдүн Каракол шаарында футбол боюнча жаштар арасындагы (U-17) Өлкө кубогу жыйынтыкталып, Бишкек шаарынын курамасы жеңишке жетти. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кыргыз Республикасынын футбол федерациясынан билдиришти.

Аталган мелдеште Өлкө аймагынан келген 10 курама команда катышып, 2 тайпага бөлүнгөн.

Тайпалык баскычтын жана плей-оффтун жыйынтыгында финалга Бишкек менен Таластын футболчулары өтүп, 3-орун үчүн Ысык-Көл менен Чүй облустарынын курамалары кез келди.

Кубок үчүн беттеште Бишкек курамасы атаандашынын дарбазасына 3 гол киргизсе, Талас курамасы 1 гол менен гана жооп бере алды.

Ал эми коло медаль үчүн беттеште негизги убакытта футболчулар эсеп санын ача албай, жеңүүчүнү пенальтилер сериясында аныктады. Анда ийгилик Ысык-Көл командасына жылмайып, 3:1 эсебинде жеңишке жетти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан