Азия оюндарына катыша турган футбол боюнча Кыргыз өлкөсүнүн олимпиадалык командасынын курамы белгилүү болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кыргыз Республикасынын футбол федерациясы кабарлады.
Аталган мелдеш, 18-августтан 2-сентябрга чейин Индонезияда орун алат. Башкы машыктыруучу Игорь Кудренко мелдешке даярдануу максатында окуу-машыгуу жыйындарына 23 спортчуну чакырган. Окуу-машыгуу жыйындары 2-10-август аралыгында Бишкек жана Кант шаарларында өтүп, курама командасы 7-августта жана 10-августта 2 беттеш өткөрөт.
Айта кетсек, олимпиадалык мелдештердин эрежеси боюнча курама командадагы 3 оюнчудан башкасы 23 жаштан жогору болбоого тийиш.
Кыргыз олимпиадалык командасынын курамы: