Кыргыз спортчулар таэквондо боюнча Азия чемпиондугунда 46 алтын, 36 күмүш жана 38 коло медаль жеңип алышты

Бишкекте таэквондо ИТФ боюнча Азия чемпиондугу өтүп, анда Кыргыз спортчулар 46 алтын, 36 күмүш жана 38 коло медалдын ээси болушту. Бул тууралуу SUPER.KG порталына таэквондо ИТФ федерациясынын президенти Виталий Олейниченко билдирди.

Анын айтымында, аталган мелдеш Бишкек шаарынын Арча-Бешик конушундагы ден соолукту чыңдоо жана дене тарбия комплексинде (ФОК) орун алды.

"Мелдеште Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Орусия, Израиль жана Кыргыз спортчулары күч сынашты. Жалпы эсепте 250дөн ашуун спортчу катышты. Мелдештин жыйынтыгында жалпы медалдык эсепте 1-орунду Кыргыз курамасы, 2-орунду Казакстан курамасы жана 3-орунду Өзбекстандын спортчулары ээледи. Кыргыз курамасынын капчыганда жалпы 120 медаль болуп, алардын арасында 46 алтын, 36 күмүш жана 38 коло медаль бар", - дейт Олейниченко.

Мелдештин соңунда Азия чемпиону наамына төмөнкү Кыргыз спортчулары татыды:

Чоңдор арасындагы мелдеште: Фаррух Садыков, Дильмурод Саипов, Сергей Дубов, Баястан Баргыбаев, Санжар Барпиев, Илхом Исаков, Арсен Исаев, Бакыт Култашев, Гүлшайыр Акматкулова, Чыңгыз Култашев, Нурмат Айдаров жана Нурсултан Бактыбеков;

Жаштар арасындагы мелдеште: Актан Темирбеков, Нигора Сидикова, Шерзод Мусаев, Розанна Исангулова, Руслан Лисниченко, Дарья Кудрявцева, Кайрат Маратов, Оджалан Слоев, Халимабону Камолдин кызы, Адинай Ромова, Артур Шрейдер жана Ыйман Исаев;

Өспүрүмдөр арасындагы мелдеште: Айжан Бактыбекова, Баэль Сыргаков, Асад Мадаминов, Хадижа Исабекова, Канагат Даулетов, Мажит Ясиров, Расул Насыров, Бексултан Жоробеков, Александр Князев, Илия Нозадзе, Муниса Тавакалова, Хамида Идрисова, Муслима Абдусаттарова, Абдулло Абдулаев жана Фирдаусбек Садыков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
aliko78
2018-07-24 18:36:44
Медал чачкан окшойт бул жерде. Башкаларга да бир нерсе бердинерби.
-3
Jelezo
2018-07-24 18:52:56
Күндүн эң мыкты жаңылыгы болду азаматар ушунуңардан жазбагыла
+2
Dembele84
2018-07-24 19:38:57
Азаматсынар! Мен ойлопмун азия чемпионаты десе,бардык азия мамлекеттери келген окшойт деп(Кытай,Корея,Япония) баш болуп.Корсо 5-6 эле олконун спортчулары келген турбайбы.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан