Хорватиянын бийлиги 150 миң жарандын 178 миллион еврого жакын карызын кечти. Бул тууралуу өлкөнүн премьер-министри жергиликтүү маалымат каражаттарына билдирди.
Маалыматка ылайык, мамлекет жарандардын салык жана башка мамлекеттик органдарга болгон карызын кечкен. Мындай жардам 21-июлда кабыл алынган жарандарга каржылык колдоо көрсөтүү мыйзамдарынын негизинде мүмкүн болгон.
Белгилүү болгондой, 326 миң 300 жарандын мамлекеттик органдарга 43 миллиард 600 миң долларга жакын карызы болгон. Жарандардын жеке эсептери жабылып калганына байланыштуу алгач 1 миң 300 еврого жакын карызы кечилген.
"Дем алыш күндөрү мамлекеттик каржы агенттиги эсептери жабылып калган жарандар тарабынан эч кандай демилгени күтпөстөн мыйзамды иш жүзүнө ашырууну баштаган. Мыйзамдын биринчи этабы ийгиликтүү ишке ашты", - деп билдирген өкмөт башчы Андрей Пленкович.
Бийлик өкүлдөрү жарандардын оор абалын түшүнүп тургандыгын жана жакын арада жергиликтүү башкаруу органдары, банктар жана байланыш операторлору да ушундай кадамга барарын кошумчалашкан.