Кыргыз дзюдочу Эрлан Шеров өз салмак ченинде дүйнөлүк рейтингде 1-орунду ээлеп келе жатат

Эл аралык дзюдо федерациясынын жаңыланган рейтингинде жаштар арасында күч сынашкан Кыргыз дзюдочусу Эрлан Шеров өз салмак категориясында 1-орунду ээледи.

81 килограммга чейинки салмак ченинде күрөшүп келген Кыргыз спортчусу Эрлан Шеров 2018-жылы бир нече медалдарды тагынып, өз салмак категориясында 1-орунга көтөрүлдү. Жалпы 7 айдын ичинде Шеров 2 алтын, 1 күмүш жана 2 коло медалдын ээси болду.

Ал Ливанда өткөн Азия чемпиондугунда 1-орунду, Ташкент шаарында өткөн Азия кубогунда 1-орунду, Италияда өткөн Европа кубогунда 2-орунду жана Чехия менен Венгрияда өткөн Европа кубокторунда 3-орунду ээлеген. Муну менен ал 502 упай топтоп, 81 килограммга чейинки салмак ченинде жаштар арасындагы дүйнө рейтингинде 1-орунга татыды.

Андан тышкары жаштар арасындагы рейтингде Кубанычбек Айбек уулу 55 килограммга чейинки салмак ченинде 7-орунда, Керим Казатов 100 килограммга чейинки салмак ченинде 13-орунда жана Адиль Мырзаев 81 килограммга чейинки салмак ченинде 18-орунда жайгашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан