ФИФА "Жылдын мыкты футболчусу" наамына ат салыша тургандардын атын атады

ФИФА "Жылдын мыкты футболчусу" наамына ат салыша тургандардын атын атады. Бул тууралуу федерациянын расмий баракчасына жарыяланды.

Жарыяланган маалыматка ылайык, "Жылдын мыкты футболчусу" наамына 10 оюнчу ат салышууда. Футболчулардын сап башында франциялык Антуан Гризманн, Килиан Мбаппе, Рафаэль Варан бар. Бельгиялык Эден Азар жана Кевин де Брёйне, англиялык Гарри Кейн, хорватиялык Лука Модрич жана египеттик Мохамед Салах тизмени толуктаган.

Ошондой эле 11 оюнчунун арасына аталган наамды акыркы жылдары жеңип келген Криштиану Роналду жана Лионель Месси кирген. Аталган тизмеде бразилиялык Неймардын жок экени көпчүлүктү таң калтырган.

Футболчуларды ФИФА тарабынан түзүлгөн өз мезгилинин мыкты оюнчулары саналган мурдагы футболчулар тандаган. Эми күйөрмандар, улуттук курама командалардын башкы машыктыруучулары, журналисттер татыктуу делген 3 футболчуну тандап алышат. Ал эми жеңүүчү 24-сентябрда Лондондо аныкталат.

Айта кетсек, 2016-жылдан тартып ФИФА жана France Football өзүнүн байгелерин өз-өзүнчө тапшырат. Мындан улам жеңүүчү "Алтын топко" эмес, "Жылдын мыкты оюнчусу" наамына ээ болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (18)
Farm94
2018-07-25 10:46:35
Луко модрич же эден азар Гризман татыктуу эмес
0
monster_high_98
2018-07-25 15:38:08
Farm94,Гризманн татыктуу эмес болсо сап башында турмак эмес! Буйруса Мбаппе же Гризманн алат!
0
O.dembele
2018-07-26 01:27:53
Farm94,Э модричинди мактай бербе
-2
Chagylgan1
2018-07-25 10:54:57
Дуйнолук футбол чемпионатына чейин Салахтын аты дунгуроп жатты эле, бат эле унутулуп калдыбы?...
+1
bek-94
2018-07-25 11:11:21
Криштиану Роналду
+10
Rasul94
2018-07-25 11:35:45
Мындай караганда Рон татыктуу экен.ла лигада
Лчдо
Чмда эмгеги чон
+10
Dembele84
2018-07-25 12:36:04
Rasul94,ЧМ да эмне кылып эмгеги чон болду?Же бомбардир болбосо же 1/8ден нары жылбаса...Ла лигада 3-орунду алганына татыктуубу???Анын пахтасы болсон да ойлонуп жазсан!
-7
Modric10
2018-07-25 14:03:38
Dembele84,сенин мессине караганда оюн коргозду и голу да коп болду
+1
Dembele84
2018-07-25 14:13:06
Modric10,Месси албаса албасын,башка жаны оюнчу алсын,ХХХХХХХХХХХХХ!!!
0
cholpon119966
2018-07-25 11:52:10
Мен К. Роналду Э. Азар Л. Месси демекмин.
-5
zahid
2018-07-25 12:23:25
Салах да бар
-5
zahid
2018-07-25 12:24:09
Карасан турат го жазылып
-4
Dembele84
2018-07-25 12:32:37
Ал ЛЧ дан башка эмнени утту?ЧМ да 1/8 де учуп кетип атса.Менин оюмча Модрич ЛЧ женуучусу и мыкты футболчу ЧМ.Мбаппе-лучший молодой игрок ЧМ,победитель ЧМ,Чемпионат и Кубок Франции.Месси-Победитель Чемпионат,Кубок Испании и Лучший бомбардир Европы !!!
-3
Isco22
2018-07-25 13:30:47
Лионель Месси алат. Буйруса месси 6чы алтын топту алса,кийинки жылы да алса ошо мн 7чи алтын топту алат. ЧМда аргентина жакшы ойноду ошого Месси алат. Буйруса месси алат деп атасынарбы ХХХХХХ алат
-4
Dembele84
2018-07-25 14:18:53
Общий статистиканы карагыла,сборныйда,клубда и жеке кандай оюн коргозгондорун и эмнелерди утканын.Пеналду менен Мессиден башкасы деле заслужили.Жон эле пеналдуну ортого тыга бербегиле!
+1
Azat.97
2018-07-25 14:42:19
Лука Модрич татыктуу
+1
dasta
2018-07-25 23:47:02
Килиан Мбаппе татыктууу
-2
MegamozG_91
2018-07-29 17:16:49
Талаша бербегиле Байматов алат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан