Борбордук Азия футбол ассоциациясынын мелдешинде Кыргыз курамасы Ооганстанга жеңилип калды

Өзбекстандын Ташкент шаарында Борбордук Азия футбол ассоциациясынын мелдешинде жаштар арасындагы (U-15) Кыргыз курама командасы Ооганстан курамасына жеңилип калды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кыргыз Республикасынын футбол федерациясынан билдирди.
Аталган мелдеште 6 өлкөнүн 15 жашка чейинки курама командалары катышып, анда Ооганстан, Иран, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан жана Кыргыз Республикасынын футболчулары күч сынашууда. Мелдеш 22-30-июль аралыгында Ташкенттин 3 стадионунда өтүп жатат.
Кыргыз курама командасы 2-беттешинде Ооганстан курамасы менен кез келип, 1:2 эсебинде жеңилип калды. Буга чейин Кыргыз футболчулар Иран курамасы менен беттешип, 0:2 эсебинде жеңилүү ызасын тартып калган.
3-турдун алкагында Кыргыз курама командасы Өзбекстан курамасы менен кез келет. Аталган беттеш 26-июлда Бишкек убактысы боюнча саат 22:00дө старт алат.
Кыргыз курамасынын беттештеринин тизмеси:
  • 22-июль: Кыргыз Республикасы-Иран - 0:2;
  • 24-июль: Ооганстан-Кыргыз Республикасы - 2:1
  • 26-июль: Өзбекстан-Кыргыз Республикасы (Бишкек убактысы боюнча саат 22:00);
  • 28-июль: Кыргыз Республикасы-Тажикстан (Бишкек убактысы боюнча саат 19:30);
  • 30-июль: Түркмөнстан-Кыргыз Республикасы (Бишкек убактысы боюнча саат 19:30).
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (18)
Janym_ata_enem
2018-07-25 11:30:05
Эми калган учоону уткулачы
-2
Rasul94
2018-07-25 11:33:58
Женилсенер деле аман болсонор болду
+2
no.comment
2018-07-25 12:51:34
Rasul94, ошону айтам да мен да
+1
nuri1
2018-07-25 11:36:32
Стадиондо футболду коргон эч ким жок го.
+2
Jelezo
2018-07-25 11:37:31
Авгандардан утулупсуңар калганынан күмөнүм бар
+1
bekmaral
2018-07-25 12:09:12
Жениле бергенден коро катышпай калыптыр деген кыйла жакшыраак андан коро уйдо отурган он.Узбекстан Туркменстан Тажикстан Авганистанга караганда футболу кучтууроок.Эми аларды женишине ишене албай турам.
+2
Syimyk.isaev
2018-07-25 12:42:43
Намыс деген нерсе барбы силерде!??? Кашык канынар калгыча чуркап аракет кылбайсынарбы!
+3
Chagylgan1
2018-07-25 13:16:24
Кыргызстан бул кетиште 5 оюндун бешоонон тен утулат... "Азаматтар"...
-1
Modric10
2018-07-25 13:56:45
Chagylgan1,ха Ха
0
langar
2018-07-25 13:34:51
Жакшы соз айтып койуш ушунчалык кыйынбы Главное не вгриш а участие утасынар куда каласа ойной бергиле
-2
Modric10
2018-07-25 13:56:08
langar,сен калп эле жакшы адам боло бербечи.чындыкты айткан эмне жаман созбу сага.
+2
langar
2018-07-25 16:20:18
Modric10,сен ушуларга ошкоп чет жака чыгып ойноп корчу анан кором жаман коментарилерди окуп кандай кабыл аларынды
-2
Modric10
2018-07-25 18:35:54
langar,чет жакка чыгып булар не бирдемени кыйратып келип атат дейсинби рейтингди тушургондон башка пайдасы жок
0
bekmaral
2018-07-25 14:41:52
Тиги кичинекей бала анча эле аракет кылыптыр.Молодец!Тиги болсо карап турат.
-1
monster_high_98
2018-07-25 15:32:53
Бул кабарды жок дегенде бир оюнчусу окуйт деген умуттомун!Шанс бар,сынбагыла керек болсо Озбекстанды деле местный полясында жене аласынар!Силер Ак Шумкарларсынар! Кыргызстандын намысы башка нерселерден бийик турат!Озунорго ишеним арткыла! Убагында "байкелеринер"кыйын деген казакты женген,топ тоголок!Силер кыла аласынар!
-1
Nazar76
2018-07-25 19:01:29
Азаматсыңар женилсенер деле зато барып келдиңер
-2
Momyn12
2018-07-26 00:11:54
уйат еее
0
kyialreal
2018-07-26 02:40:55
Авгандар оружия менен киргенго болбосо утмак биздткилер
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан