Бүгүн, 27-июнда депутаттар акыйкатчыны кызматтан бошотуу маселесин ал өзүнө келгенде, акыйкатчынын катышуусу менен кароо сунушун айтышты. Депутат Талантбек Узакбаев Турсунбек Акун чындыгында көпкөк болуп жыгылганын билдирди. “Оозунан көбүк агып калыптыр. Дарыгерлер ийне сайса дагы ал өзүнө келген жок. Баарыбызга кызмат табылат. Адамгерчиликтүү мамиле кылалы. Өзү катышканда карайлы бул маселени”,- деди эл өкүлү. Ал эми депутат Садыр Жапаров: “Эмне себептен Батукаевди бошотууга катыштыгы бар деп жалгыз Турсунбек Акунду тепкилеп жатабыз? Бул киши чындыктын баарын айтты. Бул маселени кийин карайлы”, деди.