Орусиялык "Иванушки International" тобунун солисти Андрей Григорьев-Аполлонов 48 жашка толду. Ал 1970-жылы 26-июлда Сочи шаарында төрөлгөн. Фортепиано боюнча музыкалык мектепти, Сочи педагогикалык окуу жайын, Орусия театралдык искусство академиясынын эстрада бөлүмүн аяктаган. 1992-жылы бродвейдик "Метро" аталышындагы мюзиклда ойноо үчүн АКШга кеткен. 1994-жылдын 10-ноябрынан баштап "Иванушки International" тобунун ырчысы болгон.
Ырчы жубайы Марина Банкова менен эки балалуу болгон соң 2008-жылдын март айында баш кошкон.
26-июлга карата жылнаама.