ФИФА "Жылдын мыкты машыктыруучу" наамына ат салыша тургандардын атын атады. Бул тууралуу федерациянын расмий баракчасына жарыяланды.
Жарыяланган маалыматка ылайык, "Жылдын мыкты машыктыруучусу" наамына 11 адис ат салышууда. Добуш берүү 10-августка чейин уланып, жеңүүчү 24-сентябрда Лондондо аныкталат.
Тизмеде төмөнкү машыктыруучулар орун алган:
Станислав Черчесов - Орусия курамасынын машыктыруучусу;
Массимилиано Аллегри - "Ювентус" футболдук клубунун машыктыруучусу;
Златко Далич - Хорватия курамасынын машыктыруучусу;
Дилье Дешам - Франция курамасынын машыктыруучусу;
Хосеп Гвардиола - "Манчестер Сити" футболдук клубунун машыктыруучусу;
Юрген Клопп - "Ливерпуль" футболдук клубунун машыктыруучусу;
Роберто Мартинес - Бельгия курамасынын машыктыруучусу;
Диего Симеоне - "Атлетико" футболдук клубунун машыктыруучусу;
Гарет Саутгейт - Англия курамасынын машыктыруучусу;
Эрнесто Вальверде - "Барселона" футболдук клубунун машыктыруучусу;
Зинедин Зидан - "Реал Мадриддин" мурунку машыктыруучусу (азырынча клубу жок).