Америкалык спортчунун көкүрөгүндөгү силикону мелдеш учурунда жарылып кеткен. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, Эшли Элизабет Флиер өзүнүн спорттук карьерасын баштаганга чейин эле пластикалык операция жасатып көкүрөгүн чоңойткон. Жакында эле орун алган беттештердин биринде Флиер көкүрөккө сокку жеген.
Эртеси мушкер бир көкүрөгү кичирейип калганын байкаган. Ал кайра операция жасатып көкүрөгүнө кайрадан силикон койдуруп алам деп ойлогон. Бирок дарыгердин кароосунан өткөн соң, ал силикондун калдыктары жана импланттардын чел кабыктары организмине тарай баштаганын билген.
Ашыкча заттарды алып салуу үчүн спортчуга оор операция жасалган.
Айта кетсек, 32 жаштагы Эшли Элизабет Флиер WWE`те Шарлотт Флэр каймана аты менен чыгат. Ал SmackDown Live`тин, NXT`тин мурдагы чемпиону жана WWE Raw`тин 4 жолку чемпиону.