Жеңил атлетика боюнча Кыргыз курама командасы Жайкы Азия оюндарына даярдык көрүүдө. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинен билдирди.
2018-жылы 18-августтан 2-сентябрга чейин Индонезияда өтө турган Жайкы Азия оюндарына 7 Кыргыз спортчу даярданууда. Анда Мария Коробицкая менен Илья Тяпкин 3-23-июль аралыгында Ысык-Көлдүн Кажы-Сай айылында окуу-машыгуу жыйындарын өткөрүшкөн. Ал эми, дагы 5 спортчу 13-июлдан 8-август аралыгында Виктор Борисов жана Татьяна Борисованын алдында машыгууларды Ысык-Көлдүн Каракол шаарында өткөрүүдө.
Окуу-машыгуу жыйындарына чакырылган спортчулар:
Виктория Полюдина - эл аралык даражадагы спорт чебери;
Дарья Маслова - эл аралык даражадагы спорт чебери;
Адилет Кыштакбеков - спорт чебери;
Арина Клещукова - спорт чебери;
Жоодар Кочкомбаев - спорт чеберине талапкер;
Татьяна Борисова - машыктыруучу;
Виктор Борисов - машыктыруучу.