Индонезияда эки жүздүү ымыркай жарык дүйнөгө келди. Бул тууралуу "Daily Mail" басылмасы жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, Индонезиянын Батам шаарында 2 жүздүү жана 2 мээлүү ымыркай жарык дүйнөгө келген. Бөбөккө Гилан Эндик ысымы ыйгарылган. Эндиктин мээсинен жана жүзүнөн башка органдары кадимки балдардыкындай эле жайгашкан. Дарыгерлердин айтымында, эгиздер курсакта жатканда эки бөлөк өнүкпөй калгандыктан, ушундай ымыркай төрөлгөн.
Белгилүү болгондой, ымыркайдын энеси УЗИге түшкөндө дарыгерлер түйүлдүктөгү баланын абалы жакшы экенин айтышкан. Азыркы тапта адистер мындай наристелер 250 миң адамдын биринде кездеше турганын билдиришкен.
Ошондой эле алар эки баш мээнин болуусу баланын башында суюктуктун пайда болуусуна алып келерин жана аны тажрыйбалуу хирургдарга көрсөтүү керек экенин кошумчалашкан.