Бүгүн, 25-июлда Малайзиянын Куала-Лумпур шаарында Жайкы Азия оюндарында өтүүчү футбол боюнча мелдеште кайрадан чүчү кулак аземи орун алды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кыргыз Республикасынын футбол федерациясынан билдиришти.
Буга чейин 5-июль күнү чүчү кулак аземи орун алып, анда Кыргыз курамасы "Е" тайпасына туш келип, Түштүк Корея, Малайзия жана Бахрейн курама командаларына туш болгон. Бирок уюштуруучулар чүчү кулакка БАЭ менен Палестина курамаларын кошпой калып, кайрадан чүчү кулак өткөрүштү. Анда БАЭ курамасы "Е" тайпасына кирип, Палестина "А" тайпасына кирди.
18-августтан 2-сентябрга чейин Индонезияда өтө турган Жайкы Азия оюндарында футбол боюнча мелдеште 26 курама команда 6 тайпага бөлүнгөн. Анда Игорь Кудренко баштаган Кыргыз олимпиадалык курамасы "Е" тайпасына туш келип, Түштүк Корея, Малайзия, Бахрейн жана БАЭ курама командалары менен кез келет.
Айта кетсек, футбол боюнча олимпиадалык курама командасына 23 жашка чейинки спортчулар жана 23 жаштан жогору 3 спортчу гана кирет.
Кыргыз олимпиадалык командасынын курамы: