ФИФА күйөрмандардын версиясы боюнча Дүйнө чемпиондугунун символдук курама командасын жарыялады

Эл аралык футбол федерациясы (ФИФА) күйөрмандардын версиясы боюнча Орусияда өткөн Дүйнө чемпиондугунун символдук курама командасын жарыялады.

Күйөрмандардын эң көп добушун Хорватия курама командасынын капитаны жана Дүйнө чемпиондугунун мыкты оюнчусу аталган Лука Модрич алды. Ошондой эле мыктылардын тизмесине дарбазачы Тибо Куртуа (Бельгия), коргоочулар Марсело (Бразилия), Рафаэль Варан (Франция), Диего Годин (Уругвай), Тиаго Силва (Бразилия), жарым коргоочулар Филиппе Коутиньо (Бразилия), Кевин де Брюйне (Бельгия); чабуулчулар Криштиану Роналду (Португалия), Гарри Кейн (Англия) жана Килиан Мбаппе (Франция) кирди.

Эске салсак, 24-июлда ФИФА "Жылдын мыкты футболчусу" жана "Жылдын мыкты машыктыруучусу" наамына ат салыша тургандардын атын атаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Azat.97
2018-07-26 09:07:44
Реалдан 4 оо журот
-2
zevs
2018-07-26 09:40:08
emne bular emi ekinchi duynonun komandasy menen futbol oynoybu
-3
bek-94
2018-07-26 09:55:09
Криштиану
Роналду (Португалия),
-1
monster_high_98
2018-07-26 10:43:20
Калыстык болгондо мындай болмок эмес
+2
bekmaral
2018-07-26 13:27:37
Гарри Кейн стандарт мн пенальтиден гол киргизет нормалный тепкен голун корбодум.Красивый голдордун катарына кошулган Черышевди кошсо болмок бирок европа эч качан россиялыктарга добуш бербейт.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан