ЖЫЛНААМА, 27-ИЮЛЬ: 118 жыл мурун тез татымдардын "падышасы" - гамбургер пайда болгон

Мындан 118 жыл мурун, 1900-жылы 27-июлда Луи Лессинг аттуу америкалык гастроном Коннектикут штатындагы өзү төрөлгөн Нью-Хейвен шаарында дүйнөдөгү биринчи гамбургерди саткан. Ал эки тоголок булочканын ортосуна немис бифштексин коюп, соус жана салат жалбырагын кошкон.

Гамбургерлер 1904-жылы Миссури штатынын Сент-Луис шаарында өткөн дүйнөлүк көргөзмөдөн соң калың элге аты тараган. 1930-жылдардын башында Канзас шаарынын тургуну Уолтер Андерсон "White Castle Hamburger" деп аталган тез татымдар тармагын ачып, анын негизги тамагы гамбургер болгон.

Ал эми 1948-жылы бир туугандар Макдональд жана Рей Крок McDonald's тез татымдар тармагын ачышкан. Анын гамбургерлери учурда дүйнө жүзүнүн булуң-бурчунда сатылууда.

гамбургерге арналган бул эстелик Кытай мамлекетине коюлган.

27-июлга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан