Жогорку Кеңештин депутаттары 2 айлык каникулга тарашты

Бүгүн, 27-июнда 5-чакырылыштагы Жогорку Кеңештин бешинчи сессиясынын иши жыйынтыкталды. Кыргыз парламентинин бул жолку сессиясын корутундулап жатып төрага Асылбек Жээнбеков бешинчи сессия аралыгында аткарылган иштерге учкай токтолду. Айтымында, 2012-жылдын 1-сентябрынан 2013-жылдын 25-июнуна чейин Жогорку Кеңештин 74 жыйыны өткөрүлдү, анда 331 мыйзамдын долбоору каралып, 219 мыйзам кабыл алынып, 91 протоколдук тапшырма берилди. Адаттагы жыйындардан башка 24 көчмө жыйын, 23 парламенттик угуулар, 35 тегерек столдор өткөрүлдү. Парламенттер аралык кызматташтык дагы өткөн жылга караганда бир кыйла жигердүү болду. Ошондой эле ар кандай актуалдуу маселелерди иликтөө үчүн 9 депутаттык комиссия түзүлүп, алардын бешөөсүнүн иши аяктап, жыйынтыгы Жогорку Кеңеште каралган. Ал эми 4 комиссия ишин улантууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан